КР Президентинин тапшырмасынын алкагында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Сүлүктү шаарынын эли менен жолукту. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө алгач Сүлүктү шаарынын мэри М.Кадыркулов шаардагы бир катар көрүлүп жаткан аракеттер жөнүндө сөз кылып, алдыдагы пландар менен жергиликтүүлөрдү тааныштырды.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар Сүлүктү шаарындагы бир канча чечилбей келе жаткан социалдык маселелерди айтып, облус башчысынын жеке көзөмөлүнө алып, маселелердин ыкчам чечилүүсүнө жардам берүүсүн суранды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жеринде облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип, ар бир коюлган тапшырма так жана ыкчам чечилип, эл арасында көйгөйлөр жаралбашы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле элдин көйгөйүн жеринен уккан облус башчысы жарандар тарабынан айтылган ар маселелерди жеке көзөмөлүнө алаарын айтып өттү.
Сүлүктү эли менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө негизинен таза суу, дарыгерлердин жетишсиздиги, айыл чарба, билим берүү, жумушсуздук, экологиялык жана башка жеке маселелер боюнча суроолор берилди.
Жалпысынан жолугушууга 300дөн ашуун жаран катышты.