Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов, чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги Кыял Төлөнбаев, Тажикстан Республикасынын Согди ОИИБнын начальниги Абдулло Навджувонов, чек ара кызматынын Согди облусу боюнча башкармалыгынын начальниги   Хикматулло Пираковтор чек ара тилкесинде жолугуп, эки элдин ички коопсуздугу боюнча бир катар иштерди жүргүзүүдө.

Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагына караштуу Максат айылынын, Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарындагы жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында кыргыз-тажик өлкөсүнүн ортосундагы Канибадам авто жолунун боюнда күнү-түнү кайгуул күзөттөр уюштурулуп, милиция кызматкерлери элдерге түшүндүрүү иштерин алып барууда.

Ошондой эле, эки тарап тең кошумча күч каражаттарын туруктуу жайгашкан жерлерине алып чыгуу боюнча көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүдө.

Азыркы убакта бул аймакта абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

 

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы