Соңку суткада Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны рекорддук чекке жетти, деп билдирет чет элдик басылмалар.

Агенттиктердин маалыматына караганда, Кытайда акыркы суткада COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 29 миң 411 адамды түздү. Маалыматка ылайык, инфекция жуккандардын жалпы санынан 26 миң 391 адамда эч кандай симптомдор байкалган эмес.  Жогорку температура жана жөтөл 3,020 гана бейтаптан байкалган.

Учурда Кытайда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 171,3 миңден ашты, каза болгондордун жалпы саны 4 миң 638ди түздү.

Муниципалитеттин айтымында, Шанхайда вирустун 95 пайызга жакыны изоляцияда болгон адамдарда. Ооругандардын саны 3-апрелдеги көрсөткүчтөн   (9,006)  дагы көбөйдү. Шаар бийлиги көптөгөн  парктар, каржы борборлору жайгашкан чыгыш бөлүгүнөн баштап, вирустун жугушун чектөө үчүн шаардын калкын обочолонтуп баштаганына карабастан вирус жуктургандардын саны өсүүдө.

Эске салсак, 26 миллион калк жашаган Шанхайда коронавирустун жайылышына байланыштуу катуу блокада бир нече этап менен киргизилген. 28-мартта өлкөнүн чыгыш жарымында күчөтүлгөн карантиндик чаралар киргизилсе, 1-апрелден баштап батыш тарабына чектөөлөр киргизилген.

Мындан тышкары, Кытай өлкөнүн эң ири шаарына жана каржы борборуна аскер кызматкерлерин жана миңдеген медициналык кызматкерлерди жөнөттү. Катаал эрежелерден улам Шанхайдын эли нааразылык акцияларына чыгышкан.