Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде, Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы Өзбекстан Кыргызстандын абдан маанилүү тышкы саясий жана стратегиялык өнөктөшү экенин ырастады. Эки боордош элди көп кылымдык достук жана жакшы коңшулук байланыштары, жалпы тарыхы, маданиятынын, каада-салттарынын, тилинин жана руханий баалуулуктарынын жакындыгы байланыштырып турат.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Өзбекстан менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүнү жактады.

Мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында күтүлүп жаткан жооп сапарын канааттануу менен белгилеп, жогорку деңгээлдеги кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү боордош өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өз ара кызматташтыктын бардык тармактарында өнүгүүнүн кезектеги сапаттык жаңы деңгээлине чыгарарына ишенимин билдирди.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышын кубаттап, анын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн ишкерлеринин соода-инвестициялык байланыштарын кеңейтүүгө көмөктөшүүсүн каалады.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков мамлекет башчысына өлкө Президентинин тапшырмасы менен анын Кыргызстанга сапарын даярдоо максатында Бишкекке келгенин билдирди.

Сардор Умурзаков жакшы коңшулук, ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында өзбек-кыргыз мамилелерин жана кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын жана кызыкдар экенин ырастады.

Ал ошондой эле өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду эки боордош мамлекеттин соода-экономикалык кызматташтыгын арттыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.