Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү, анын жүрүшүндө 20 ашуун маселе каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын май айындагы эс алуу күндөрүн которуу жөнүндө чечим долбоору жактырылды. Документке ылайык, беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 1-9-май күндөрүн эс алуу күнү катары орнотуу, ал эми 2022-жылдын 30-апрелиндеги дем алыш күнү (ишемби) – 2022-жылдын 4-майындагы (шаршемби) иш күнүнө; 2022-жылдын 14-майындагы дем алыш күнү (ишемби) – 2022-жылдын 6-майындагы (жума) иш күнүнө которуу сунушталды.

Буга катар кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында беш күндүк иш жума графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине 2022-жылдын май айындагы эс алуу күндөрүн Министрлер Кабинети кабыл алган чечимге ылайык которуу сунушталды.

Министрлер Кабинети республика боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдөн келип түшкөн кайрылууларды кабыл алууну жана аны иштеп чыгууну, аларды талдоо жана көзөмөлдөөнү жакшыртуу, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштерди оптималдаштыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында бардык энергетикалык ишканалар үчүн бирдиктүү ишеним телефонун (call-борбор) түзүү чечимин кабыл алды.

Акылбек Жапаров кеңешменин жүрүшүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан акы төлөө негизинде унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнү караган «Айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамга, Бузуулар жөнүндө кодекске, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Мыйзамдын мындан аркы иштөө тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды киргизүүсү тапшырылды.

«Ушул Мыйзамды колдонуудан түшкөн финансылык каражаттарды Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга, калктын социалдык жактан аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн турак-жайына күн батареяларын орнотууга жана башка социалдык багыттарга жумшоого болот», — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилерин электрондук документ жүгүртүүгө өтүү процессин тездетүүгө чакырды.