Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекстин жери боюнча коомчулукту адаштырган маалымат тараптоого чакырды.

«Манас айылы» акыркы жылдары кароосуз калып, урай баштаганын, жакында ири комплекс куруу чечими жарыяланарын Фейсбукка жазды.

«Манас атабыздын атына заты жарашкан, кыргыз эли эле эмес, бүт дүйнө суктана тургандай “Манас төрү” аталган тарыхый архитектуралык, этнографиялык, музей-театралдык чоң комплекс курдурууну президентибиз Садыр Жапаров өткөн жылдан бери эле ойлонуп, тиешелүү көрсөтмөлөрдү берген. Жерин тандап, долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш жүрүүдө. Жакында жарлыгы да чыгат. Иш толук нугуна түшүп, маалы келгенде ачык жарыя айтабыз»,-деп жазган.
Буга чейин президенттин иш башкармалыгы “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексинин жери боюнча түшүндүрмө берип, “Манас айылынын” имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбей турганын, келечекте комплекстин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү планы бар экенин билдирген.

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында да көтөрүлгөн.

Ушул тапта “Манас айылы” комплексинин абалы начар. Аны куруу иштери 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган.