Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине Ош шаарынын аймагында “Г” аттуу азият улутундагы аял киши баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.


Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 282-бер. 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында көрсөтүлгөн башкармалыктын кызматкерлери тарабынан “Г” аттуу аял киши баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды Ош шаарынын жашаган жерлери боюнча сатып жүргөндүгү аныкталган.
Мындан аркы атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 5 гр. синтетикалык баңгизаттарды сатуу аракетин жасоо учурунда Кыргыз Республикасынын жарандары, 1976-ж.т. К. Ш., 1983-ж.т. Т.Н.кармалган.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат “альфа PVP” психотроптук заты болуп аныкталган.

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы