Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 20-25-апрель күндөрү салттуу музыка жумалыгы жана IX эл аралык музыка жана бий конгресси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият министри жана “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду биргеликте өткөрөт.

Программага ылайык, жумалык маданий жана илимий бөлүктөн туруп, IX эл аралык музыка жана бий конгресси, “Күү күнү”, “Ыр күнү”, “Дастан күндөрү” өтүп, ар бир бөлүк масстер класстар менен коштолот.

Ошондой эле Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында “Коркут-Ата” спектакли көрсөтүлүп, салттуу музыкалык искусствонун окуу жайларда окутулушу боюнча тегерек столдор, музыкалык окуу жайлардын отчеттук концерти жана “Улут наркы” көргөзмө-жарманкеси уюштурулат.

Маданий саамалыкка КРнын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев жана КР маданиятына эмгек синирген ишмер, комузчу С. Шабдановдор масстер-класстарды көрсөтүп, салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча Кыргыз улуттук “Манас” театрынын манасчы, дастанчы, акындарынын концерти көрсөтүлөт.

Иш-чаранын расмий бөлүгү 25-апрелде “Салттуу музыка күнүнө” карата гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүүгө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу маданий мекемелер, окуу жайлар жана тиешелүү структуралык бөлүмдөрү ишке тартылат.

Жумалыктын башталашы салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жөө жүрүшү менен башталат.

Салттуу музыка жумалыгына Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Россиянын Алтай жана Тыва Республикаларынын өкүлдөрү катышат. Ал эми, Венгрия, Италия, Улуу Британия, Индия жана Бангладеш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү илимий багытта өтө турган конгресске онлайн форматта катышуусу күтүлүүдө.