АКШнын президенти Жо Байден Украинага жеке өзү барууга даяр экенин билдирди, — деп билдирет Daily Mail басылмасы.

Ак үйдүн башчысы анын администрациясы Киевге жогорку даражалуу аткаминерди жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтып, андан соң жеке өзү барууга даяр экенин ырастады.

Ким бара алат деген тактоочу суроого Байден журналисттин өзүнө: «Сиз барууга даярсызбы?», — деп суроо салды. Журналист  суроого жооп иретинде: «А сизчи?»,- деп сурады, Кошмо Штаттардын президенти: «Ооба» деп жооп берди.

Daily Mail белгилегендей, Байден мындай сапарга биринчи жолу кызыгып жаткан жок. Өткөн айда Польшада америкалык аскерлер менен жолугушууда Байден Украинанын чек арасынан өтө албасын, ага уруксат берилбей турганын айткан.

Ак үйдүн администрациясынын атын атагысы келбеген адамдары Reuters агенттигине президент Байдендин өзү же вице-президент Харристин Украинага сапары тууралуу сөз жок экенин, бирок бул АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен же Коргоо министри Ллойд Остин болушу мүмкүн экенин айтышты.

Эске салсак, акыркы жумаларда Улуу Британиянын премьер-министри, Австриянын канцлери жана Польша, Эстония, Латвия жана Литванын президенттери Киевге  барышкан.