Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен максималдуу пайдага жетүү, туруктуу өнүктүрүү жолу менен улуттун бакубаттыгын жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган. Мында, мамлекеттик сатып алуулардын 4 методу (чектелбеген, чектелген, котировкаларды сурап алуу, бир булактан алуу) каралган.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары Мыйзам тарабынан жөнгө салынбай тургандыгы белгиленген.