«Тазалык» муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлери шаардык кызматтын мурдагы жетекчисин кайтарып берүү талабы менен митингге чыгышты,- деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, мурунку жетекчиликтин 2019-2020-жылдар аралыгындагы ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган.

Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында абоненттер менен иштөөдө мыйзам бузуулар аныкталган. Бул иш Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-октябрындагы No136 токтомун бузуу менен жүргүзүлүп, 7 339 300 сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле, бекитилген сметада каралбаган тейлөө кызматкерлерине кошумча төлөмдөр боюнча 42 321 900 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу аткарылбай калган сумма 35 348 300 сомду түздү.

Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын даярдалган корутундусунун алкагында зарыл чараларды көрөт.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан «Тазалык» МИнин 2019-2020-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.

Ошентип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 54 882 000 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган.

Анын ичинде:

-25 793 900 сом — келишимдерди негизсиз түзүү, жасалма өткөрүлгөн тендер, аванстык төлөмдөр жана башкалар;

— 15 707 000 сом — муниципалдык заказдын эсебинен негизсиз үстөк акы төлөө;

— 6 101 800 сом — күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу;

— 4 558 400 сом — негизсиз орнотулган жана иштен чыгарылган тетиктер;

— 1 227 900 сом — товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги;

— 455 000 сом — каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу.

Бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар юридикалык баа берүү жана зарыл чараларды көрүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Борбор калаанын мэриясы «Тазалык» муниципалдык  ишканасынын кызматкерлерин кызматтык милдеттерин аткарууну жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.