Бүгүн, 15-апрелде Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесинде сайдан табылган сөөктүн өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лейлек райондук өзгөчө кырдалдар бөлүмүнө түшкөн маалыматта Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесиндеги сайда белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы айтылган.

Ошол замат №74 ӨККБнөн 5 куткаруучу тартылып, каза болгон белгисиз жарандын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кийин такталган маалыматка ылайык, маркум 1979-жылы туулган Сүлүктү шаарына караштуу Караул-Кыштак айылынын тургуну К.Н.Б. болуп чыккан.