Коом

Милициянын аймактык ыйгарымдуу укуктуу өкүлдөрү элдин кызматында!

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматы тарабынан элге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана сервистик тейлөөнү жакшыртуу максатында республиканын аймагы 2435 жаңы административдик аймакка бөлүнүп, аларга жалпы 2349 милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана балдар менен иштөө инспекторлору бекитилип, бүгүнкү күндө жемиштүү иш алышып барышууда.

Элдин милицияга болго ишенимин арттырууда, ошондой эле жалпы республиканын аймагында, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жаңылантуу максатында элге милициянын жаңы образын сунуш кылабыз. Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн күнүмдүк кызмат өтөөсүнө ыңгайлуу, сапаттуу, бырышпаган, жылдын төрт мезгилине ылайыкташтырылган, формалык кийим менен камсыздалып жатат.

Ачык түстөгү жилеттер, жарандардын кайсыл жерден болбосун көңүлүн буруп, милиция кызматкерлердин кызмат өтөп жаткан жерин даана көрсөтөт.
Ушуну менен катар, өлкөнү санариптештирүү саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги пилоттук долбоор катары, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана балдар менен иштөө инспекторлорунун ишмердүүлүгүн санариптик ыкмага өткөрүү максатында Бишкек жана Ош шаарындагы кызматкерлерди заманбап планшеттер, боди-камералар менен камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
2021-жылы милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан республика боюнча 17985 ар кандай кылмыштардын бетин ачылса, 2022-жылдын эки айынын ичинде 1317 кылмыштын бети ачылды. Биздин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлөрү бардык чакырыктарга даяр турушат, анткени алар дайыма эл кызматында.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button