Орозо айтка байланыштуу Бишкектеги эски аянттын тегереги оңдолууда. Мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, 2-майда Бишкектин борбордук бөлүгүндө айт намазы окулат, ага байланыштуу асфальты жаңыланып, айланасы иреттелип жатат.

Белгилүү болгондой, эки жылдан бери бул жерде жапырт намаз окууга уруксат берилбей келген.

Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы Президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы жапырт намаз окууга тыюу салынган.

Буга чейин, мусулмандардын бир айлык ыйык орозо айы апрелдин соңунда аяктап, Айт майрамы болжол менен 1-2-майга туш келери кабарланган.