Экс-президент Алмазбек Атамбаев № 27 түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу УКМКнын тогузунчу кызматынын экс-кызматкери Канат Сагымбаев Facebook баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин айыпталуучу өзү ИК-47ден башка колонияга которулгандыгын билдирген. Ал өзү журналисттерге, ИК-8ге которууну суранганын маалымдаган.

ИИМдин басма сөз кызматы мурдагы мамлекет башчынын башка мекемеге которулушу боюнча комментарий бере элек.

Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция жана арам акчаны адалдоо фактылары боюнча. Былтыр жайында ага түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген, ошондой эле 2020-жылдын октябрында массалык баш аламандык уюштурган деген айып тагылган.