Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, министрге сөгүш берүүгө Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгон. Сөгүш жарыялоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Эске сала кетсек, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтык этика боюнча министрлер кабинетине сунуш берилгенин айткан.