Кыргызстанда быйыл окуу жылы 8-июнда аяктарын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, мектеп окуучулары үчүн мамлекеттик сынактар ​​8-июндан кийин дароо башталып, 1-июлга чейин уланат. Негизги жалпы билими тууралуу аттестат 11-июлда, аттестат 15-июлда берилет.

2022-2023- жылга карата окуу качан башталары азырынча белгисиз.

Басма сөз кызматы базистик окуу планы иштелип жатканын жана ал бекитилгенден кийин гана окуу жылынын башталышы белгилүү болорун белгиледи.

Эске салсак, республикада 2021- 2022-окуу жылы 15-сентябрда башталган.