Кыргызстандын Улуттук банкы 19-апрелге карата валюталардын расмий курсун белгиледи. Бардык валюталардын наркы төмөндөдү.

Эртеңки күнгө доллардын номиналдык курсу 80,4475 сом (1,17 пайызга төмөндөө) деп белгиленди. Борбор калаанын акча алмаштыруучу жайларында жана коммерциялык банктарда доллар азыр 83-84 сомдон алынылып, 85-86,3 сомдон сатылууда.

Евронун курсу 1,42 пайызга төмөндөдү – 88,0656дан 86,8189 сомго чейин.

Рублдин расмий курсу 1 сомдон төмөн бойдон калууда. Эртең курс 0,9769 сомду түзөт. Бул бүгүнкү көрсөткүчтөн 1,84 пайызга төмөн.

Теңгенин курсу 2,26 пайызга төмөндөп, 0,177 сомду түздү.