Кыргызстан алтынды 6 эсе арзан сатты деген айрым маалымат каражаттарында тараган маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирди Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын кеңешчиси Жылдыз Шеримбекова.

Анын айтымында, Улуттук статистикалык комитеттин сайтында 2022-жылдын январь-февраль айларында жарыяланган маалыматта бажы статистикасы тарабынан берилген үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкаркы) соода боюнча маалыматтар камтылган.

«Айрым ЖМКлар ЕАЭБтин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына ылайык ар кандай товардык субпозицияларды колдонуу менен сатуунун бир грамм алтындын болжолдуу баасын эсептөөлөрдү жана салыштырууну беришет. Таратылган маалыматта, ар кайсы өлкөлөр үчүн алтынды экспорттоо боюнча эсептөөлөрдө ар кандай товардык субпозициялар боюнча болжолдуу баалар көрсөтүлгөн», — деп түшүндүрдү ал.

Шеримбекова белгилегендей, 2022-жылдын январь-февраль айларында Түркияга «башка иштетилбеген алтын» (код 7108120009), ал эми өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде Кыргызстан башка өлкөлөргө «куйма түрүндөгү алтын» экспорттолгон. эритменин 1000 бөлүгүнө кеминде 995 бөлүк алтын болушу керек» (Код 7108120001).

«Товарлардын ар кандай категорияларын өз ара салыштыруу туура эмес, анткени булар товардык номенклатура боюнча ар башка товарлар», — деп жыйынтыктады ал.