Бүгүн, 19-апрелде, күндүз Баткен, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 21…26, Таласта 20…25, Ысык-Көл, Нарында күндүз 20…25 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 23…28 градуска жетет.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 22…24 градус болот.