2022-жылдын 19-апрель күнү Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков эки күндүк иш сапары менен барып,  Түркиялык кесиптеши Сулайман Сойлу менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин  талкуулашты.

Жолугушуу учурунда Улан Ниязбеков былтыркы Стамбул шаарында болгон алгачкы жолугушуусунда  эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү, эки элдин ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара кызматташуу мамилесин кайрадан жаңы нукка түшкөн маанилүү учур катары эсептээрин белгилеп өттү. Өзгөчө, өткөн жылдын аягында, Кыргыз Республикасынын парламенттик шайлоо алдында, кыргыз милициясына атайын автоунаа жана башка материалдык-техникалык жардам бергендиги,  андан тышкары  милиция кызматкерлерин түрк полициясынын алдынкы жетишкендиктери боюнча окутуп-үйрөтүүлөрдү өткөрүү сунушун колдоп, тез арада ишке ашырып бергени үчүн кесиптешине ыраазычылыгын билдирди.

Ошону менен бирге, Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуунун өнүгүп жатканын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө түрк полициясынын коомдук коопсуздукту камсыздоодогу жетишкендиктери, санариптештирүү иштери, анын алкагында электрондук башкаруу тармактары, кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүүдө ДНК лабороторияларын ачуу жана иш алып баруу, биометрикалык технологияларды жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу иштери менен таанышты. Бул ыкмаларды жана технологияларды кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүнө киргизүү, аларды натыйжалуу колдонуу иштерин жакындан көрүп, таанышуу максатында боордош түрк кесиптештер менен өз ара кызматташууну бекемдөө керектигин айтты.

“Бүгүнкү күндө трансулуттук, айрыкча уюшкан кылмыштуулук, экстремизм, баңги аткезчилиги жана интернет ресурстарын колдонуу менен жасалып жаткан кылмыштарга (алдамчылык, адам сатуу, баңги заттарын сатуу ж.б.)  каршы биргеликте кызматташуусуз жеңүү мүмкүн эмес. Өзгөчө кызыктар мамлекеттердин укук коргоо органдарынын биргелешип, макулдашылган аракеттерин талап кылат.

Ал эми, Афганистандын учурдагы абалы, диний мүнөздөгү кылмыштары жана баңгизаттардын жайылуу коркунучу баарыбызды эле кооптондуруп турат. Бул өлкө баңгизаттарды Борбордук Азия аркылуу Европа мамлекеттерине таралышынын негизги каналы экендигин Сиздер жакшы билесиздер.

Буларды айтып жаткандыгымдын себеби, Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган мырза менен өз ара кызматташуунун алкагында жолугушуубузда, Түркиянын жардамы менен баңги жана уюшкан кылмыштуулукка, аткезчиликтин (контрабанда) бардык түрлөрүнө каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн түрк полициясынын ТАДОК (TADOC) окуу борборуна окшогон борборду Кыргызстанда ачуу сунушу айтылган.

Мындай окуу борборунун Кыргызстанда ачылышы, милиция жана башка тиешелүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүрткөн уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө дүйнөлүк тажрыйбаларды окутуп, үйрөтүү менен эле чектелбестен, аны өнүктүрүп, келечекте экстремизм, кибер кылмыштары сыяктуу трансулуттук кылмыштарга каршы күрөшүү, анын ичинде заманбап учкучсуз учуучу аппараттар жана башка жаңы технологияларды колдонууну да  окуткан борбор кылып, Борбор Азия мамлекеттериндеги укук коргоо органдарынын тиешелүү кызматкерлерине да тажрыйба берүү борборуна айландыруу мүмкүнчүлүгү болмок. Мындай борборду ачуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн тиешелүү укук коргоо органдары үчүн биргеликте иш жүргүзүү, маалымат алмашуу, жаңы ыкмалар менен бөлүшүү, эл аралык кылмыштардын эрте белгилерин аныктап алардын алдын алуу мүмкүнчүлүгү эле түзүлбөстөн ортодогу кызматташуудагы жылуу мамилелери да өнүкмөк деген ойдомун”,- деп сунуштады өз сөзүндө Улан Ниязбеков.

Өз кезегинде, Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу  кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтердин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катнаштын маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуу жылуу жана достук мамиледе өттү.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы