Бүгүн, 19-апрелде, Монголияда күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт.

Бүгүн мелдештин чейрек финалынан баштап килем үстүнө төмөнкү балбандар чыгат:

1. Балбай Дордоков, 55 кг;
2. Тынар Шаршенбеков, 63 кг;
3. Акжол Махмудов, 77 кг;
4. Мелис Айтбеков, 87 кг;
5. Роман Ким, 130 кг.

Эске салсак, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.