Жалал-Абадда аттракциондон эки адам кулап кетти. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 16-апрель күнү саат 23.55тер чамасында Жеңиш паркында болгон. 25 жаштагы бала менен 18 жаштагы кыз «Клоун» аттракционуна чыгып, бирок сынган отургучтан кулап кетишкен.

Милиция кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатат. Жабырлануучулар Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Мелис Баймуратов 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүндө жатканын айтты.

«17-апрелде саат 00:30дар чамасында тез жардам унаасы менен ооруканага 2004-жылы туулган кыз жана 1997-жылы туулган бала жеткирилген. Алар калаадагы эс алуу бактарынын бириндеги аттракциондон кулап кеткени айтылды. Аларга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүндө биринчи жардам көрсөтүлүп, кыз аталган бөлүмдүн жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми баланын колу-буту сынгандыктан аны сынык-жараат бөлүмүнө жеткирдик. Ушул тапта баланын абалы жакшы. Кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат, анын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Эки бейтап тең дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат», — деди М.Баймуратов.