Президент Садыр Жапаров ар бир жасаган иши, кабыл алган чечимдери боюнча ийне-жибине чейин айтып бере турганын «Фейсбук» баракчасына жазды.

Өлкө башчысы иш сапардан келгенден кийин атайын маек бере тургандыгын убадалады.

«Өлкө боюнча жасалып жаткан иштерди ийне-жибине чейин айтып берем. Эл-журттун башын айландырып, удургуткандарга жооп болсун. Алагды кылбай, тынч иштетесинерби, туугандар?» — деди ал.

Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжанда иш сапар менен болот. Аны Илхам Алиев расмий чакырган.