Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн элге жасаган мамилесинен, жүрүм-турумунан, жумушуна болгон жоопкерчилигинен улам коомчулук ички иштер органдарына баа берет. Ошондуктан Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы  ички иштер органдары менен калктын ортосундагы мамилени бекемдөөдө кошкон саламы үчүн милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн иши жөнүндө видеону тарткан.

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн башкы тапшырмаларына коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштарды жана укук бузууларды эскертүү боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү, жарандар менен ишенимдүү мамилени түзүү кирет. Бул тапшырмаларды Баткен районунун Көк-Таш айылдык милиция  бөлүмчөсүнүн милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү милициянын кенже лейтенанты Мурзабек уулу Өмүрбек  дагы жоопкерчиликтүү аткарып келет.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы