Бүгүн, 20-апрелде Баку шаарындагы “Загулба” президенттик сарайында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинген. Өз ара саламдашуудан соң мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын катарынын алдынан өтүштү.

Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын гимндерин уккандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң ардак кароолдун ротасы салтанаттуу маршы болду.

Расмий жолугушуу аземи аяктаган соң өлкө лидерлери тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөргө өтүштү.