Борбор калаада күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу «Бишкекзеленхоз» муниципалдык ишканасы унаа ээлерин унааларды дарактардын түбүнө токтотпоого чакырат.

«Гидрометборбордун маалыматы боюнча, борбордо абанын температурасы төмөндөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Жамгыр дарак бутактарынын салмагына таасирин тийгизет. Ушундан улам Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бак-дарактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону суранат», — деп айтылат ишкананын Facebook баракчасында.

Ишкананын жумушчулары да жарандарды этият болууга чакырган жазуулар менен сүрөткө түшүп, флешмоб уюштурушту.

“Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болгон шаар тургундарын «Бишкекзеленхоз» муниципалдык ишканасынын 0312326233, 0504210600 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын 1840 жана 1850 чалуу борборуна күнү-түнү кабарлап коюуну суранабыз. Ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554182185 Вотсап номуруна жөнөтүңүз”, — деп айтылат маалыматта.