Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Президент Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар максималдуу натыйжаларга жетише аларына ишенимин билдирди.

Ал белгилегендей, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюу маанилүү окуя, анткени эки тараптуу кызматташтыктын жылдарында өлкөлөр ортосунда мындай жогорку деңгээлдеги мамилелер болгон эмес.

“Стратегиялык өнөктөштүк чоң пайда жана чоң жоопкерчиликти билдирет. Келечекте биз эл аралык структураларда бири-бирибизди колдоп, эки тараптуу жигердүү иш алып барарыбызга ишенем”, — Азербайжандын Президенти.

Ильхам Алиев кошумчалагандай, көзмө-көз жолугушууда маселелердин кеңири чөйрөсү – инвестициялык долбоорлор боюнча кызматташуу, айыл чарба тармагындагы кызматташуу жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү талкууланды.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Ильхам Алиевге кайрылып, Достук жана кызматташтык келишиминин 25 жылдыгынын алдында жана өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгынын алдында өтүп жаткан бул жолугушуунун символикалуулугун белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок экенин канааттануу менен белгиледи.

“Андыктан, биз мына ушундай жагымдуу шарттарды пайдаланып, жаратман күч-аракеттерди бириктирүү менен эки өлкөнүн бир тууган элдеринин жыргалчылыгы үчүн кызматташтыгыбыздын көлөмүн арттырууга тийишпиз”, — деди Президент.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү терең кайра жаралуулар тараптарга жаңы типтеги мамилелерди курууга тарыхый мүмкүнчүлүк берип, айрыкча соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар.

Ал экономиканы либералдаштыруу, инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан кадамдарды белгиледи. Бул Кыргызстан менен башка мамлекеттердин инвестициялык кызматташтыгын активдештирет.

Садыр Жапаров Азербайжандын ишкер чөйрөлөрүн Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн активдүү изилдөөгө чакырып, ишкердик кызматташууну активдештирүүгө өбөлгө боло турган эркин экономикалык аймактарга, жеңилдетилген салык жана бажы режимдерине көңүл бурду.

“Бүгүнкү күндө биздин мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн бардык шарттар бышып жетилди.

Буга байланыштуу Кыргызстандын эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотуу демилгесин колдогонуңуз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем”, — деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров азербайжандык боордоштор менен жемиштүү иш алып барууга даяр экенин белгилеп, эки эл биргелешип жакшы дүйнөнү курууга салым кошот деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Президент Ильхам Алиевди Кыргызстанга ага ыңгайлуу болгон убакта келип кетүүгө чакырды. Азербайжандын лидери бул чакырууну канааттануу менен кабыл алды.