Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башында турган Кыргызстандын делегациясы менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Дүйнөлүк банк билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандын өнүгүү артыкчылыктары жана Дүйнөлүк банктын өлкөнүн адамдык капиталын колдоосу жана энергетика тармагындагы реформалар, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Жеке тармактарды өнүктүрүү жана калктын аялуу катмарын коргоого өзгөчө көңүл бурулду. Эки долбоор үчүн жаңы каржылык келишимдерге кол коюлду:

– Баткен облусун өнүктүрүү боюнча долбоорго 50 млн доллар;

– климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу боюнча долбоорго 100 млн доллар бөлүү.

Эскерте кетсек, КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Вашингтондо (АКШ) жүрөт.