Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков алтын медаль тагынды.

Жоламан Шаршенбеков алгачкы беттешинде монгол балбаны Балжинням Севенравданды 8:0 эсебинде, жарым финалда казак балбан Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде утуп алган.

Финалда Ирандын балбаны Мехди Мохсен Нежадды 4:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, Азия чемпиону аталды.

Айта кетсек, күрөш боюнча Азия чемпиондугунун биринчи күнүндө 77 кг салмакта Акжол Махмудов менен 63 кг салмакта Тынар Шаршенбеков (Жоламандын агасы) алтын медаль, 130 кг салмакта Роман Ким коло медаль алган.

Эртең кыз-келиндер күрөшүнөн беттештер башталат. Анда Кыргызстандын балбан кыздары Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы килемге чыгат.