Бүгүн, 20-апрель күнү Чүй районунун Искра айыл өкмөтүнүн Искра, Восточное айылдарынын жашоочулары менен милиция кызматкерлери жолугушту.

Милициянын көчмө кабылдамасы менен жолугушууга барышкан Чүй РИИБдин начальнигинин орун басары А.  Назаралиев,  Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Ы.Сардарбеков жана милициянын аймактык ыйгарымдуу укуктуу өкүлдөрү,  балдар менен иштөө инспекторлору жергиликтүү тургундарга улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, элдин суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле, калк арасында пикир келишпестикти болтурбоо, ынтымакка чакыруу, кайсы гана улут болбосун бири-бирин сыйлоо, окучуулар арасындагы мушташууларды алдын алуу маселелери боюнча жашоочуларга кеңештер берилип, балдарына дагы бул багыттарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну эскертишти. Милиция кызматкерлери окучуулар менен дагы жолугушуп, ынтымак, биримдик жөнүндө маек курушту.

Андан сырткары, Чүй райондук милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгында көрсөтүлгөн  маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын, эскерүү кечелерин өткөрүүдө, үйлөнүү-үлпөт тойлорун жана башка салтанаттарды майрамдоодо ысырапкерчиликти болтурбоо боюнча толук жана туура маалымат беришип, бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

ИИМдин Басма сөз кызматы