Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат каражаттары үчүн билдирүү жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Биринчи кезекте, Азербайжан Республикасынын Президенти мырза Илхам Гейдарович Алиевге жана жалпы Азербайжан элине жылуу кабыл алуусу жана салттуу меймандостугу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын атынан терең ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.

Менин Азербайжан Республикасына биринчи расмий сапарым достук жана кызматташтык Келишиминин 25 жылдыгынын жана бир тууган мамлекеттерибиздин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгынын алдында өтүп жаткандыгы абдан символикалуу.

Биз жаңы эле Азербайжан Республикасынын урматтуу Президенти Ильхам Алиев менен эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, ошондой эле эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмаштык.

Сүйлөшүүлөр биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы бир туугандык мамилелерди мүнөздөгөн толук өз ара түшүнүшүүнүн, ачык-айкындыктын жана ишеним маанайында өттү.
Биз достук мамилелерди активдештирүүгө жана кеңейтүүгө карай багыттын өзгөрбөстүгүн ырастадык.

Бүгүн биз Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилени стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрдүк. Тиешелүү Декларацияга жаңы эле кол койдук.

Бул тарыхый мүнөздөгү маанилүү документ жана эки тараптын күч-аракетинин аркасында жетишилген биздин мамилелерибизди өнүктүрүүнүн жаңы этабы болуп саналат.

Биз эл аралык аянтчаларда активдүү өз ара аракеттенүүнү, саясий диалогду бекемдөөнү, тыгыз экономикалык байланыштарды түзүүнү жана өнүктүрүүнү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну, гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү көздөйбүз.

Бул, албетте, ишенимдүү пайдубалсыз — биздин элдерибиздин ортосундагы терең тарыхый жана руханйи байланыштарсыз мүмкүн эмес эле.

Бүгүн биз ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңешти түздүк, анын отурумдарында биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери каралат.

Жалпысынан 10 маанилүү документке жана макулдашууга кол коюлду, анын ичинде айыл чарба, маалымат технологиялары, аба каттамдары, монополияга каршы жөнгө салуу жана интеллектуалдык менчикти коргоо сыяктуу тармактарда кызматташуу боюнча.

Бизде соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар.
Бүгүн биз экономикабызды либералдаштыруу боюнча кадамдарды жасап жатабыз.

Инвестициялык мыйзамдар өркүндөтүлүп, ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын көптөгөн өлкөлөр менен инвестициялык кызматташтыгы жанданууда.

Ушуга байланыштуу биз Азербайжандын ишкер чөйрөлөрүн биздин өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн активдүү изилдөөгө чакырабыз.

Мен биздин өлкөлөрдүн элдери активдүү маданий-гуманитардык кызматташтык аркылуу өз ара байып жатканын айтууга кубанычтамын.

Маданият ишмерлери биздин элдерибиздин ортосундагы чыныгы достук көпүрөлөрдүн чыңдалышына ез салымдарын кошуп, үзгүлтүксүз пикир алмашып турушат.

Биз эки тараптуу байланыштарды чыңдоого гана эмес, Азербайжан менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө да кызыкдарбыз.

Маалым болгондой, биздин өлкөлөр БУУнун, Түрк мамлекеттеринин уюмунун, КМШнын, ИКУнун, блокторго кошулбоо кыймылынын алкагында тыгыз кызматташып келет.
Өз кезегинде Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунда Азербайжандын статусун байкоочу деңгээлине көтөрүүнү толук колдойт.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан терең өзгөрүүлөр бизге жаңы типтеги мамилелерди курууга, аларды гумандуу кылууга, ар-намыс сыяктуу түпкү түрк баалуулуктарын биринчи планга коюуга тарыхый мүмкүнчүлүк берет.

Ал эми түрк мейкиндигиндеги бул жаңы мамилелер жаңы мезгилдин мамлекеттер аралык мамилелеринин үлгүсү болууга тийиш.

Биздин көз караштарыбызды Азербайжан Республикасынын башчысы, урматтуу Ильхам Гейдарович Алиев тең бөлүшүп, толук колдой турганын түшүнүү мага чоң кубаныч тартуулайт.
Кыйын мезгил өз өлкөсүн күчтүүрөөк жана дүйнөнү жакшыраак кылуу үчүн жооптуу болгон күчтүү лидерлерди талап кылат.

Ошондуктан, учурдан пайдаланып, Президент Алиевге чын дилимден Азербайжан элинин жыргалчылыгы үчүн, ошондой эле жалпы адамзаттык баалуулуктар үчүн бийик максаттарга жетүүдөгү жаңы ийгиликтерди жана түгөнгүс күч-кубатты каалайм.

Биз бул баалуулуктардын негизинде азербайжандык боордоштор менен жемиштүү иштөөгө даярбыз жана биргелешип бардык кыйынчылыктарды жеңип, жакшыраак дүйнөнү курууга салым кошобуз деп ишенебиз.

Ал эми бул үчүн бизде бардык өбөлгөлөр бар”.