Таң эрте терезенин жанында бутакка конуп үн алышып чырылдашып, кудум бир теманы талкуулап жаткандай түр көрсөткөн чымчыктардын чыры ойготту. Саатты карасам 7:30. Жумушка баруу керек.

Бүгүн шаар өзгөчө кооз көрүндү. Жаңы ачылган сирень гулдөрү буркурап каңылжырды жарат. Тээ Ала-Тоонун чокусунан күн көтөрүлүп, жалпы адамзатка, тирүү жандыктарга саламын айтып, айланага нурун тегиз жайып чыгып келе жатты. Табигаттын ушул көрүнүшүнө суктанып, ажайып кооздукту көргөзгөн жаратканга шүгүр айтып аялдамага келдим. Адатынча ал жерде киши көп. Көптөрдүн арасынан кичинекей бала көзүмө сүйкүм көрүндү. Сыягы бакчага бараткан окшойт. Улам апасынын колунан тартып:

— Ата барабыз, ата барабыз эээ… — деп коет.

Ошондо «ата» деген сөз жүрөгүмө канжар болуп сайылып келген неме ого  бетер тереңдеп сайылгандай болду. Жүрөгүм «тыз» дей түштү. Автобуска отуруп жумушума жеткенче, атам тууралуу ойлонуп келдим. Анткени атам бизден кеткенде мен дал ушундай кичинекей баладай элем. «Атама барам» деп даалай ирет чуу салып апамды кыйнагам. А, бирок ошол менин сагыныч кусамды атам ойлогон да жок болуш керек. Апам байкуш ар кандай шылтоону айтат эле. Качан гана атамдын «иштеп келем» деп кеткен өлкөсүнөн башка аялга баш кошконун уккандан кийин атам тууралуу сөз болгондо сөздү башкага буруп кетер эле.

Апам мени багам деп канчалаган кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Мени окутту, билим алуума баардык шартты түздү. Эс тартып 17 жашка келгенде театрдын алдында ачылган актердук курска бара баштадым. Ошол жер мага өзүнчө бир чоң аалам туюлду. Ал жерде актердук чеберчиликтен сабак берген агайымдан  чыныгы «ата» кандай болорун көрдүм. Көп ирет чет жактарга чыкканда жанына чогуу алып жүрдү. Мага «балам» деп кайрылганда, жүрөгүм башкача согуп «ата» деп барып кучагына бой таштагым келчү. Кыраакы агай муну байкаса керек, мага өзгөчө көңүл бөлүп, аталык мээримин төгүп, тарбиясын берип келди. Мен ошол адамдан атанын мээримин, каарын, жинденгенин, эркектик мүнөздү көрө алдым.

Турмуштун агымы менен интернет желенин өнүгүшү менен блогер боло баштадым. Менин актерлук алып жаткан кесибимдин пайдасы тийип, мен аткарган образдар элге жагып, вайн тартып жүрүп чоң ийгиликтерге жетиштим. Апам экөөбүз батирлеп жүрбөй өзүбүз үй алдык. Мени колдоп келген атам (агайым) жаңы идеяларды айтып, багыт берип алдыга сүрөп келди.

Бир күну телефонума чакыруу келди, жарнама бере турган бирөө деп талефонду алсам, «балам кандайсың, бул мен атаң» деди. Телефонду кое албай же жооп бере албай туруп калдым. Бир топто «жакшы рахмат» деген жоопту араң бердим да телефонду өчүрүп салдым. Бир мезгил ватсаптан ошол номер жазды. Мени көрүп жатканын, элге таанымал болгонумду айтып, сыймыктанарын жазыптыр.

А мен ушунча жыл, ата мээримине зар болгонумду, анын башка баланы эркелетип жатканын элестетип, ичим туз куйгандай ачышканын, ага баргым келгенин, мурдагыдай мойнуна асылып ойногум келгенин, өзүмдү өлтүрүп салгым келген учурлар, түн катып ыйлаган күндөрдүмдү айтып жазбадым. Кыска гана мунун баары апамдын эмгеги экенин эскерттим…

Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.