Депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу пикирин айтып, анын жакшы иштеп жатканын белгиледи.

“Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин балп этип сүйлөп койгону жакчу эмес. Бирок ишин көрүп, кийинки мезгилде ынанып ыраазы болуп бара жатам. Жакында «Алтын балалыкка» барып келдим, бир тыйын бөлүнбөптүр ишти бүтүрүп жатыптыр. Жогорку Кеңеш чыгарган “Жашыл Кыргызстан” деген токтомго реакция кылган жалгыз министр Бейшеналиев. Иштеген кадрларды сактап эле коёлучу, ишин карай бербей”, — дейт эл өкүлү.