Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чынгыз Ажибаев Баткен облусуна бөлүнө турчу 500 миллион сом тууралуу суроо салды.

Эл өкүлүнүн айтымында, Акылбек Жапаров Баткенге 500 миллион сом бөлүнөт деген, бирок андан кабар жок.

«Мен буга чейин Баткен облусун өнүктүрүү боюнча программасын сурандым эле, тилекке каршы, 1,5 айдан бери жок. Өкмөт мындай кыймыл-аракети менен бир гана элдин талабын эмес, президенттин сөзүн да четке кагып коюп жатышат. Менимче, өнүктүрүү боюнча бир да программасы жок болгондуктан, жооп бере албай келишет. Акылбек Жапаров бюджетти кабыл алып жатканда, Баткен облусуна 500 млн сом бөлөбүз деген. Мындан бир да кабар жок, эл буга жооп күтүп жатат», — деди ал.

Ошону менен катар депутат   кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир да жолу барып кабар албаганын сындады. Лейлек районунун тургундары өздөрү эвакуация болуп, бензин таппай кыйналышкан белгиледи.