Депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин жыйынында  оң рулдуу автоунаалардын такси кызматы көрсөтүүсүнө тыюу салган мыйзам долбооруна токтолду.

Эл өкүлүнүн айтымында, коомдо 60% такси кызматында оң рулдуу машиналар экендигин эскертти.

“ Кечээ ИИМдин ЖККББ Азамат Исраиловдун  оң рулдуу автунаалардын такси кызматында иштеоого тыюу салуу тууралуу даярдалып жаткан мыйзам долбоору тууралуу айтканы, коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Бизде шаарда 60% такси дал ушул оң рулдуу машинелер. 2018-жылы да бул маселе каралып парламентте жактырылган эмес. Министрлер кабинети  бул жагдайларды эске алуу менен 2025- жылга чейин жылдырган. Биз алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салсак, алар эмне жумуш жасайт?  Биз алгач иш таап бере алсак гана альтернативдүү жолдор болгондо гана ушул маселени көтөрсөк ” , — деген пикирин айтты.

Мындан тышкары эл өкүлү  Ысык-Көл  облусуна болгон иш сапары тууралуу айтып, ар бир районунда балдар бакчасы, мектеп тууралуу көйгөйлөр көп экенин эске салды.

“ Талды – Булак айылында 1959-жылы курулган мектеп жер эки жолку жер титирөөдөн кийин авариялык абалда экен. Ушул маселелерди тийиштүү министрлик чара көрсө. Ал эми  Жети-Өгүздө Кыргыз-Почтасында 41 аял иштейбиз пандемияда иштедик 4600 сом айлык алышат экен. Ушуларды карап көңүл буруп койсок”, — дейт депутат Талиева.