Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев студенттердин практикасына шарт түзбөгөнү үчүн 12 медициналык колледжди жабуу жөнүндө буйрукка кол койду.

Ошондой эле тиешелүү чечимдерди кабыл алуу өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнө жана Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөттү.

Жабыла турган медколледждердин тизмеси:

  • Ош облустук медициналык колледжи;
  • К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин алдындагы медициналык колледж;
  • «Авиценна Билим» медициналык колледжи;
  • Н. Пирогов атындагы медициналык колледж;
  • Ысык-Көл медицина жана стоматология колледжи;
  • Кочкор-Ата аймактык колледжи;
  • ISITO медициналык колледжи;
  • «Дулдул Тоо» Араван колледжи;
  • С. Тентишев атындагы АзМИнин медициналык колледжи;
  • MUNIB медициналык колледжи;
  • Медицина жана фармация колледжи.

Кечээ, 20-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирүү тараткан. Анда 12 жеке менчик медициналык колледжде студенттердин практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн толук шарт түзүлбөгөнү, буга байланыштуу тиешелүү чечим кабыл алып берүү өтүнүчү менен Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жөнөтүлгөнү айтылган.