Бишкекте Президенттин Администрациясы тарабынан уюштурулган “Мурас” футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев  Facebook  баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшөт.

“Кымбаттуу достор!

4-5-майда Бишкекте Кыргыз футбол союзу жана Президенттин Администрациясы тарабынан уюштурулган “Мурас” футболдук турнири өтөт.

Ата-мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде Президент Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу  кышкы/жайкы турнир катары өтүп турарын жарыялаган”, — деп жазат ал.

Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшөт:

— Президент Жапаров башында турган – “Президенттин Администрациясы” командасы;

— маданият ишмерлери – “Өнөр” командасы;

— бизнестин өкүлдөрү – «Бизнес” командасы;

— ЖМК  өкүлдөрү – “Журналисттер” командасы;

— ата-мекендик футболдун ардагерлери –  “Алга” командасы;

—  спорттук федерациялардын жетекчилери – “Спорттук федерациялар” командасы;

— Парламенттин депутаттары – “Жогорку Кеңеш” командасы;

— Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери –  “Аймактар” командасы;

— дин өкүлдөрү – “Ыйман” командасы;

— чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери –  “Элчилер” командасы;

— ооруканалардын жетекчилери жана башкы дарыгерлери – “Ден соолук” командасы;

— ЖОЖ ректорлору жана мектеп директорлору – “Билим” командасы.

Турнир КТРК, КТРК Спорт телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.