Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шаардыктарды “Өлбөс полк” жүрүшүнө “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди кийбөөгө чакырат.

Социалдык тармактарда 9-май — Жеңиш күнүнө карата костюмдарды ижарага берүү мекемелери “Z” символикасы бар аскердик кийимдердин жана костюмдардын жарнамаларын таратып, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткандыгына байланыштуу УКМКнын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирет:

«Улуттук коопсуздук органдары мекемелерди улуттар аралык кастыкты козутууга байланыштуу “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө жана шаар тургундарын 9-майда Улуу жеңиш күнүнө карата өтө турган “Өлбөс полк” жүрүшүнө аталган аскердик кийимдерди кийип чыкпоого чакырат.

УКМК улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертип кетет».