Бүгүн, 21-апрелде Төрага Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан маданият жана адабият ишмерлерине кыргыз элинин маданий-тарыхый мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн энчиленген сааттарды жана Ыраазычылык каттарды ыйгарды. Мындан тышкары, Улуттук жазуучулар союзуна жана «Айтыш» коомдук фондуна 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.
Төрага Талант Мамытов акын, жазуучуларга ыраазычылык билдирип, алардын чыгармачылык ишмердиги өлкөнүн турмушунда негизги орунду ээлей турганын, маданият гана элдин руханий-нравалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.
Ошондой эле маданий-гуманитардык тармактарды жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү жаатында парламент тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолуп, жалпысынан мамлекеттин маданият саясатын ишке ашыруу чаралары тууралуу сөз кылды.
«Маданият тармагындагы акыркы жетишкендиктердин бири катары кыргыз элинин материалдык эмес маданий баалуулуктарын алып жүрүүчүлөрдүн жана манасчылардын чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн «Манас» Кыргыз улуттук театрынын ачылышын айтсак болот», – деген Талант Мамытов, маданий реформалар этап-этабы менен жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Өз кезегинде жыйындын катышуучулары Төрагага ыраазычылыктарын билдирип, маданият жана искусство тармагындагы бир катар актуалдуу маселелерге көңүл бурушту. Алсак, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков аталган бирликти мамлекет тарабынан каржылык жактан колдоону жана «Чыгармачылык союздар жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл акыны Амантай Кутманалиев Төрага Талант Мамытовго белгилүү төкмө акын, композитор жана аткаруучу Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган айтышты өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү жана аталган сынакка 200 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле акын жана жазуучу Байдылды Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүчү иш-чараларга да колдоо көрсөтүүнү өтүндү.
Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов акын, жазуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалап, өлкө парламенти маданият ишмерлеринин социалдык-экономикалык абалын мындан ары да жакшыртууга, кыргыз маданиятын жана искусствосун сактоо, өнүктүрүү жана таанытуу боюнча тиешелүү программаларды, долбоорлорду ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевге, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Мырзаян Төлөмүшов менен Эсентур Кылычевге, акын, котормочулар Догдурбек Юсупов менен Жумакун Шариповго, акын, драматург Керез Зарлыковага, Философия илимдеринин кандидаты, адабиятчы, сынчы Калык Ибраимовго, жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиевге, жазуучу Жылкычы Жапиевге, Маданияттын мыкты кызматкери, акын, котормочу Кубанычбек Басылбековго, жазуучу, драматург Жумабек Токтогазиевге, Кыргыз Республикасынын эл акындары Амантай Кутманалиевге, Жеңишбек Жумакадырга, Азамат Болгонбаевге, Аалы Туткучевге, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шекербек Адыловго, төкмө акындар Баян Акматовго, Медербек Курманалиевге, Турат Жумаевге, Изат Айдаркуловага, Акматбек Султан уулуна, Асылбек Маратовго, Чыңгыз Кожошовго, Мамбеттокто Мамбеторозо уулуна, Жылдызбек Төрөкановго, Арген Биймырза уулуна, Мундузбек Борончуевге, Шайлообек Отунчуевге, Кутман Садыбакасовго, Нурсултан Малдыбаевге, Элмирбек Иманалиевге жана Темирбек Матыбаевге атайын сыйлыктар ыйгарылды.