Бүгүн, 22-апрелде, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 19…24, Таласта 18…23, Ысык-Көл жана Нарында 15…20 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 21…26 градус ысык болот.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы күндүз 22…24 градуска жетет.