Быштак табигый сүт продуктусу жана кальцийдин булагы.  Ал белокторго, А, Е, Р, В2, В6 жана В12 витаминдерине, фолий кислотасына бай. Продукцияда ошондой эле кальций, темир, натрий, магний, жез, цинк, фтор жана фосфор бар. Ал иммунитетти көтөрүү үчүн абдан жакшы азык болуп эсептелет.

Адистердин айтымында, продуктуну тандоодо анын курамына жана жарактуулук мөөнөтүнө көңүл буруш керек. Кандай гана быштак  болбосун ал эки ингредиентти камтышы керек: пастерленген сүт жана сары май, фермент да болушу мүмкүн.

Кээде өндүрүүчүлөр быштакка кальций хлориди кошушат. Бул продукциянын сапатын жоготуп коюшу мүмкүн. Классикалык быштактын курамында өсүмдүк майлары же белоктор болбойт.

Быштактын курамына стабилизаторлор, коюулаткычтар, боёктор жана консерванттар кирбеши керек. Кагаз таңгактагы быштактын жарактуулук мөөнөтү жети күндөн ашпайт, вакуумда — бир ай.

Ачылгандан кийин, продукт муздаткычта үч күндөн ашык эмес, тоңдургучта — алты айга чейин сакталышы мүмкүн.