Спорт
Улан-Батор: Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалына чыкты
Айсулуу Тыныбекова Улан-Батордо (Монголия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жазылды.
62 килограммга чейинки салмак ченинде ал өзбекстандык спортчуну ийинине жаткырып жеңип алды.
Финалда япониялык Нонока Одзакиге каршы килем үстүнө чыгат.
Медалдар үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 16.00дө башталат.
Эске салсак, Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш медаль тагынган.