2022-жылы туризмди өнүктүрүүгө 1 миллиард 40 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.

Фракция жайкы туристтик сезонго даярдык тууралуу маалымат угууда.

Минстрдин айтымында, быйыл Туризмди өнүктүрүү фондуна 1 миллиард сом, туризм департаментине 40 миллион сом бөлүнгөн. Ал түшүндүргөндөй, бул акча туристтик объектилерди курууга жумшалат.

Эл өкүлү Бактыбек Сыдыков Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү тууралуу сөз жайкы сезон башталганга чейин эле башталганын белгиледи.

«Өзбекстанда ыйык жерлерге зыярат кылуу өнүккөн. Бизде ушундай жерлер барбы? Сафед-Булан, Имам Сарахси, Падыша-Ата, Ыдырыс-Пайгамбар мазары жана башка ыйык жерлер бар. Эмне үчүн бул тармакты өнүктүрбөй жатасыңар? Сиз үчүн негизги нерсе — бир жерге бир нерсе куруу. Мындай жол менен, туристтерди тарта албайсыз”, — деди ал.

Бактыбек Сыдыков ошондой эле Кыргызстанда канча туристтик зона бар экенине кызыкты. Министр “туристтик аймак” деген түшүнүк мыйзамда жок деп жооп берди. «Эгер сиз дагы эле туристтик аймактарды аныктай элек болсоңуз, анда биз эмнени айтып жатабыз?» — деп нааразы болду ал.