Кыргыз Республикасынын УКМК козгогон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү электрондук чылымдарды Кытай Эл Республикасынан (КЭР) Кыргыз Республикасына бажы төлөмү жана салык төлөмдөрү жок аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) фактысы боюнча чет элдик жарандан 50 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы менен мурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон Кыргыз Республикасынын жараны И.М.Н. жана чет мамлекеттин жараны Э.Н.И. кармалган.

Аталган адамдар Кыргыз Республикасына жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге сатуу максатында Кытайдан электрондук чылымдарды контрабандалык жол менен алып өтүүнү уюштурушканы аныкталган. Ошол эле учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Жунхай” базарынан КР аймагына бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келинген, жалпы 200 миң АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн 70 миң даанадан ашык электрондук чылымдардын партиясы табылып алынды.

«Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын бул мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.