КРнын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков КРнын Тышкы иштер министрлигинин Афганистан боюнча Атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Атаханов менен биргеликте Өзбекстан, Пакистан, Афганистан, Иран жана Бириккен Араб Эмираттарында жумушчу сапар менен болду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы маалымдады.

Сапарлардын алкагында 7-апрелден 20-апрелге чейин бул өлколөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер менен бир катар маанилүү жолугушуулар жана консультациялар өттү.

Сапарлардын негизги максаттарынын бири аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, Афганистандагы кырдаалдын өнүгүшүн, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча потенциалдуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге жана аймактык кызматташууга байланышкан маселелерди талкуулоо болду.