Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов өздүк курамды кесиптик майрамы, Кызматтын түзүлгөн күнү менен куттуктады:        “Урматтуу кесиптештер, баңгилик кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын кызыкчылыктарын коргоо жана алардын ден соолугуна кам көрүүдо сиздердин эмгегиңиздерди, олуттуу салымыңыздарды баалабай коюуга болбойт. Элибизге саламаттык тилейм, мамлекетибиздин, айрыкча өсүп келе жаткан муундун келечеги ИИМдин БМЖКККнын ар бир кызматкеринин ишинин натыйжалуулугуна көз каранды деп ишенемдүү айта алам!

Ошондой эле биздин кызматтын калыптанышына жана өнүгүшүнө ардагерлердин кошкон салымын ар дайым эстен чыгарбоо абзел!”.

Мындан тышкары өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ведомстволук ИИМ медалдар жана башка укук коргоо органдарынан тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК), мурда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалык (ГБНОН) катары 1991-жылдын 22-апрелинде республиканын кылмыш-иликтөө башкармалыгынын атайын адистештирилген бөлүмү катары түзүлгөн.

ИИМдин Басма сөз кызматы