Аял үчүн эң башкы бакыт бул балдардын амандыгы,  жан уяңдын тынчтыгы. Бирок, тагдыр дегениң адам баласына ар кандай сыноо берип, сабырыңды сынайт тура.  Жашым 50 гө келип калганда ак караны айырмалап, учурунда кайнэнем береген алтынга тете акылына азыр да баа берип келем.

Биз жолдошум экөөбүз бир класста, бир партада отуруп, бир коллежде окуп жүрүп баш коштук. Айылдын баары бизди Олжобай менен Кишимжан дей турган. Ошол жаш кезибизден жанган сезимдердин артында баш кошуп, чогуу 8 жыл түтүн булаттып үч балалуу болдук.

Балким ошол күнү жолдошум үйдө болсо дагы деле небере жыттап, ээрчитип жүрөт белек  деп ойлоп калам. Биз үйдүн кичүүсү болуп, ата апамдар менен чогуу турабыз. Жолдошум каза болгон күнү кошуна байке келип, “тоодон чөп тартып келели” деп алып кетти. Ал кезде айылда бир эки эле кишиде трактор боло турган. Жер айдап, чөп тартып, базарга мал ташып айтор айылдын ишин аткарчу. Ошондо жолдошум кетип жатканда жүрөгүм бир нерсени сезгендей аны кое бергим келбеди. Мен айткан менен мени укмак беле? Тоодон чөптү көп жүктөп, ылдый түшүп келе жатканда чөп бир тарапка ооп кетип, тракторду кошо сүйрөп сайга кулаптыр. Жолдошум ошол жерден каза болуп, жанындагы кошунабыз колу буту сынып  коляскада отуруп, кийин а киши да каза болду.

Боздоп, ыйлап канаты сынган куштай сүйрөлүп, жолдошумду жоготуу  азапка турду. Жетим калган үч баланы карап атасыз калды деп сыздайм, ыйлап алам.

Жыл айланып жолдошумдун ашын бердик. Дал ошондон кийин, жакындарым, курбуларым, абысындарым акыл кеңешин айтып, “азыр жашсың, башкага баш кош, үч баланы деп жүрүп өмүрүң өтөт дешти”. Ошондо апам, “балам жакшылап ойлон, эгер турмушка чыгам десең биз  атаң экөөбүз жолуңду тоспойбуз, сен күйөөңдү жоготсоң мен баламды жоготтум каралдым, балдарды ойло, бирок балдарды өмүрүм өткөнчө карай берем”  деген кеңешин айтты. Ошондо апамдын ордуна өзүмдү койдум, эне үчүн баланы жоготуудан жеткен азап жок экенин туйдум. Эгер мен башкага турмушка чыксам жолдошумду унутат элем, а апамчы ал өмүр бою баласын унутпайт да.

Чынында менде башкага турмушка чыгуу ойюмда жок эле.  Кудум мени асманда жолдошум күзөтүп тургандай, кээде жанымда көлөкө болуп жүргөндөй туюла берчү.

Убакыт өтүп, үйдөгү биз жаткан төшөк, анын киймдери, колдонгон буюмдары жолдошумду эстетип кыйнала берчү болдум. Балдарды апама калтырып шаарга иштегени келдим. Күн сайын жумуштан чыгып телеграфка барып айылда балдарым менен сүйлөшүп турам. Акча салам, таттууларды жиберем. Жайында чоң апасы менен келишет Көлгө барып эс алып келебиз. Каникул болгон сайын чоң атасы алып келип турат. Кээде ичимден балдарга катуу айткан жок бекен, бирөө менен урушуп калдыбы деп сары санаа боло берет элем. Тескерисинче апам “өлгөндөн калган туяктарым” деп  аябай жакшы карачу экен. Кээде айылдын жел ооз жеңелери “аның алда качан шаарда башкага тийип алган, сен жүрөсүң балдарды карап”  деп түрдүү кептерди чыгарышып ушактаган күндөр болду. Бирок, апам аларга ишенбечү экен. Мунун баарын каза болор алдында айтып, мага батасын берип, ыраазычылыгын билдирди.

Мына азыр өзүм небере карап, чоң апамын. Балдарыма жакшы тарбия берип, кезинде мени колдогон кайынэнеме аябай ыраазы болом, жолдошум экөөсүнө куран окуп, жыт чыгарып турам. Кезинде берген туура багыт, кеңешине ыраазы болуп ичим жылыйт. Балким башкага турмушка чыксам, балдар кыйналып, эч жерге батпай, мени жек көрүп, азыр интернетте тараган, өгөй аталардан көрсөткөн кордуктары, жүрөк үшүн алган окуялар менин балдарым менен болбойт деп ким кепилдик бермек эле….

Жазгүл Баяналиева

 Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.