Кыргызстан дагы ааламдашуу шартында олуттуу өзгөрүүлөрдүн жана илимий-инновациялык саясатын өркүндөтүүнүн алдында турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте башталган КР чыгармачыл тармактарынын биринчи “CREATE4” фестивалында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ири өлкөлөрдөй болуп финансылык капиталга жана жаратылыш ресурстарга гана эмес, адамдын акыл-эсине, анын ойлоп табуучулугуна, жаратмандуулугуна таянып, руханий жана материалдык байлык түзө алат.

“Кыргызстан дагы ааламдашуу шартында олуттуу өзгөрүүлөрдүн жана илимий-инновациялык саясатын өркүндөтүүнүн алдында турат. Ушуга байланыштуу билим берүүгө жаңы ыкмалар зарыл. Бизге белгилүү бир компетенцияларга ээ болгон кадрлар гана эмес, өнүгүүгө жана инновацияларга түрткү берген чыгармачыл адистер керек”, — деди ал.

Президент баса белгилегендей, Кыргызстандын чыгармачыл коомчулугу келечекте туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири боло турган дүйнөлүк чыгармачылык чөйрө менен дагы активдүү интеграцияланышы керек.

“Мен ар бир адамды жаратмандуулук, чыгармачылык менен алектенүүгө жана келечекте ата мекендик гана эмес, дүйнөлүк коомчулук да актуалдуу суроолорго жооп издөөдө таяна турган интеллектуалдык продуктуну өндүрүүгө чакырам”, — деп билдирди Садыр Жапаров.