Кыргызстандын карызы 1 млрд долларга көбөйгөндүгү тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстан 2020 жана 2021-жылдарга өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 1 126,4 млн АКШ доллары суммасында финансылык макулдашууларга кол койду.

Анын ичинен:

$358,8 млн грант;

$767,6 млн насыя.

Маалымат үчүн: 2020-жылы 773,3 млн АКШ доллары, 2021-жылы 353,1 млн АКШ доллары суммасында макулдашууларга кол коюлган.

Кыргыз Республикасы кирешеси төмөн өнүгүп келе жаткан өлкө экенин эске алганда, насыялар донорлор тарабынан абдан жеңилдетилген шарттарда берилет.

Белгилей кетсек, каражаттар негизинен өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган, атап айтканда:

— жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуу;

— энергетика тармагын реформалоо;

— социалдык мекемелерди куруу, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү;

— ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, ошондой эле республиканын ирригациялык системасын жакшыртуу.

Финансылык жардам өлкөнүн фискалдык жана акча-кредит саясатын колдоо үчүн бюджеттик колдоо түрүндө көрсөтүлөт.